www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай мээнин саламаттыгын оңдойт!

Дүйнө кызыктары Түнкү асмандан электр кубатын өндүрчү күн панели Түнкү жарыкты жаратчу шаймандын негизги элементи - термоэлектрогенератор. Термоэлектрогенератордун бир бети экинчи бетинен суугураак болгон кезде электр кубатын өндүрөт. Анын асманды караган бети тунук капкактуу алюминь пластинага жабыштырылган. Ал жылуулуктан коргоочу изолюция менен курчалган. Айланасындагы аба пластинаны дамамат ысытып турат. Түнкүсүн Күн өйдөңкү пластинаны кактап ысытпай турганда, ал генератордун астынан эки градустай муздак болуп, өзүндөгү жылуулукту терморадиация катары атмосферага берет.

Бул феномен аяздуу түндө эмне үчүн чөпкө кыроо түшкөнүн түшүндүрөт. Ушул эле принципти жана пластинанын эки бетиндеги температуранын ажырымын түнкүсүн - жарыкка талап өскөн кезде, орду толукталып турчу энергия өндүрүүгө колдонулган.

Калифорния университетинин доценти Асват Раман (Aaswath Raman UCLA), Стэнфорд университетинин инженерлери Вэй Ли менен Фан Шанхуэй (Wei Li & Shanhui Fan Stanford University) жана анын шериктери жаңы шаймандын 20 см прототибин былтыр декабрда Калифорнияда сынап көрүшкөн. Түнкү асмандан энергия алчу генератор шаймандын 1 чарчы метр аянтына 25 милливаттка жуук электр кубатын өндүргөн. Бул энергия диоддук лампаны күйгүзгөнгө жарайт. Ал эми бир нече чарчы метр түнкү панел өндүргөн энергия бир чакан бөлмөнү жарык кыла алат.

Инженерлер боолгологондой, шаймандын конструкциясы жакшыртылса, солярдык панелдин 1 чарчы метр бети кеминде 0,5 Вт ток өндүрөт. «Абдан акылдуу идея. Түнкү генератор күн панелине салыштырганда электр кубатын аз өндүрөт, бирок аны авария учурунда же электр түйүнүнө туташтырылбаган жайларда кошумча энергия булагы катары пайдаланса болот», - дейт ачылыш жөнүндө доцент Юан Ян (Yuan Yang, UCLA).

Доцент Асват Рамандын айтымында, жаңы генератордун чоңойтулган версиясын алыскы метеорологиялык станциядарда, үч айга жакын күн тийбеген Түндүк жана Түштүк уюлда, телефондорду дүрмөттөш үчүн, ошондой эле электр кубаты жетишсиз жерлерде колдонсо болот. Ал жерлерде түнкүсүн күн панелдери иштебегендиктен, түндө электр кубаты кыйла тартыш болот.

Такай чай ичкен адамдардын мээ тарамдары чай ичпегендердин мээ клеткаларына салыштырганда жакшы байланышат. Мындай илимий ачылыш улуу курактагы 36 кишинин нейровизуалдык маалыматтарын изилдөөнүн негизинде жасалды. «Биздин изилдөөнүн жыйынтыгы - чай ичүү мээнин түзүлүшүнө оң таасир эткенинин биринчи далили жана ал дамамат чай ичкен мээни карылыкка байланыштуу уюмдашуунун төмөндөшүнөн коргойт деп жоромолдоого негиз берет»,- деди илимий топтун жетекчиси, Cингапур улуттук университетинин доценти Фэн Лэй (Feng Lei, NUS Yong Loo Lin School of Medicine).

Бул изилдөөнү Эссекс жана Кембриж университети (University of Essex & University of Cambridge) чогуу жүргүзгөн. Доцент Фэн 2017-жылы жарыялаган изилдөөгө ылайык, күн сайын чай ичүү улгайган кишилердин когнитивдик функциясынын төмөндөө коркунучун 50% азайтат. Ошондой эле ысык чай глаукомасы (көздүн ичиндеги бийик басым) бар адамдар үчүн пайдалуу.

Ушул илимий ачылыштан соң доц. Фэндин командасы чайдын мээнин тарамдарына түз таасирин изилдөөнү уланткан. Ал үчүн 60 жаштагы жана андан улуу курактагы 36 кишини бөлүп алып, алардын ден соолугу, жашоо жолою, психологиялык сак-саламаттыгы тууралуу маалыматтар жыйналган.

Андан тышкары береги кишилер нейропсихологиялык тесттен жана магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) өткөрүлгөн. Бул изилдөө 2015-2018- жылдары жүргүзүлгөн.  Окумуштуулар бул кишилердин аңдап билүү жөндөмүн жана визуализациясынын жыйынтыгын талдап, 25 жылдай жумасына төрт күндөн кем эмес көк чай, улун чай же памил (кара) чай ичкендердин мээ тарамдарынын карымкатнашы чай ичпегендердин мээ облустарына салыштырмалуу алда канча натыйжалуу экенин көрүшкөн.

«Мисал катары жол кыймылын алгыла: мээнин тарамын - автоунаа барчу жай, ал эми мээ тарамдарынын ортосундагы катнашты - жол деп түшүнгүлө. Жол системасы жакшы уюштурулса, транспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдүн каттамы натыйжалуу болуп, ресурс аз сарпталат..., мээ маалыматты алда канча жакшы талдайт», - деди доцент Фэн Лэй. Ал такай чай ичүү мээнин тарамдарынын (бөлүктөрү) арасындагы байланыштын начарлоосунун алдын алып, жакшы уюмдаштырганын белгиледи.

Булак: “Майдан. kg”

Последние новости