www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн саат 12:04тө Токтогул районунда күчү очогунда 3,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Такталык тоо кыркасында, атап айтканда Көк-Бел айылынан түштүк-чыгышка карай 5 чакырым, Кетмен-Дөбө айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Токтогул шаарынан түштүккө карай 23 чакырым аралыкта жайгашкан.
Көк-Бел айылында жердин силкинүүсү 2,5 балл сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана бузулуулар катталган жок.