www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Энергетика министрлиги жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана экологиялык жактан таза транспорт үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууну улантууда.

Бул иштердин алкагында «Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусунун аймагында электр кубаттоочу станциялардын (ЭКС) тармагын ырааттуу түрдө кеңейтүүдө. Бүгүнкү күндө Түп районунун Түп айылында төрт электр кубаттоочу станция жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылында үч станция пайдаланууга берилип, аймактын тургундары менен конокторунун электромобилдерин тейлеп жатат.

Учурда «Чакан ГЭС» ААКнын адистери Балыкчы шаарында төрт электр кубаттоочу станцияны орнотуу иштерин башташты. Курулуш-монтаждоо иштери аяктаган соң, жаңы объекттер пайдаланууга берилип, электромобиль ээлери үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Эске салсак, «Чакан ГЭС» ААК быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун бир катар калктуу конуштарында кошумча электр кубаттоочу станцияларды орнотууну пландоодо: Кызыл-Суу айылында үч станция, Бостери жана Ак-Суу айылдарында төрттөн станция, ошондой эле Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында төрттөн станция орнотулат.

Электр кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүү заманбап жана экологиялык жактан таза транспорттук инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат. «Чакан ГЭС» ААК Ысык-Көл облусунда электр кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү долбоорлорун ишке ашырууну улантып, электр транспортун жайылтууга жана калк менен туристтер үчүн кубаттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга салым кошууда.

Последние новости