www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деги эле элибиз эгемендүүлүккө ээ болгон чейрек кылымга чукул убакыт аралыгынан бери карай алганда мурдагы эки бийлик учурунда жана андагы шайлоолордун шайтан оюндарында сот тармагы дайыма “крайний” болуп келгени белгилүү. Ал эми акыркы бир жарым жыл аралыгындагы өлкө ичиндеги ички саясий окуялар менен коомчулуктун көнүл чордонуна айланган сот тармагы мурдагыларына салыштырмалуу мынчалык деңгээлде “төө бастыга” кала элек эле.Бир сөз менен айтканда сот тармагы бүгүнкү күндүн терс каармандарына айланып, көргөн көрбөгөндүн, билген, билбегендин деле бутасы болуп келет.
Кайсыл гана мамлекеттик түзүлүш болбосун, андагы сот тармагынын аткара турган вазипасы сот адилеттигин турмушка ашыруу болуп саналат. Албетте баардык чыр чатактар, талаш-тартыштар, калыстык менен адилеттик издегендер сотко кайрылышат. Мына ушул пикир келишпестиктердин аягына соттон гана чекит коюлат. Бир жагы жеңет бир жагы жеңилет. Сот өндүрүшүндө эки тарапты тең бирдей канааттандырган идеалдуу чечимдер деле жок, болсо да сейрек кездешет.
Демек, каалайсыңбы, каалабайсыңбы дегендей, шарттуу түрдө алганда бул тармак бир тарап үчүн утушту алып келсе, экинчи тарап үчүн нааразычылыкты жараткан ошол мамлекеттин атынан сот тарабынан кабыл алынган тигил же бул мыйзамдын конкреттүү беренесин аткарууга милдеттендире турган мекеме. Андыктан, айрыкча нааразы болгон тараптан сөзсүз түрдө сот тутумунун дарегине эч кандай ыраазычылык айтылбасы да айтпаган күнү белгилүү. Ансыз да мурдагы эки бийликтин үй-бүлөлүк башкарууларынан улам, коомчулукта терс пикир жаратып алган сот тармагы коррупцияны ооздуктоо, аны алдын-алуу боюнча мамлекет башчысы тарабынан өткөрүлгөн Коопсуздук Кенешинде сот тутумунун дарегине айтылган айрым олуттуу сындардан кийин нааразы тараптар эми бийликтин бул бутагын коомчулукта колдорунан келишинче “мокочо” кылып көрсөтүүгө жана өздөрүнө жакпагандардан өч алуу позициясына өтүшкөндүгү ачык эле байкалууда.
Ал гана эмес социалдык желелерде кайсыл бир топтор мамлекет башчысын белгилүү бир сот процесстерине кийлигишүүгө ачыктан-ачык эле чакырып жаткандар да жок эмес. Эске алуучу бир жагдай, мурдагы эки бийлик ээлери тарабынан сот иштерине кийлигишүүлөрдүн аягы эмнеге алып келгендигин да эсибизден чыгарып койгондойбуз. Алардын пикири боюнча өлкө башчысы бул багытта чечкиндүү кадамдарга бара албай жаткан. Мейли президент сот иштерин тескесин дейли, бирок, эртеңки күнү аны өз бийлигинин жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланбайт деп ким кепил боло алат? Менимче эч ким кепил боло албайт.
Элибизде «кой аксагы менен миң» деген накыл сөз бар. Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей судьялардын арасында да кайсыл бир тараптын кызыкчылыгына карап, мыйзамды “буйлалагандар” да, жок эмес. Андай мезгилде саясий упай топтоону колдон чыгарып жибергиси келбегендер, бийик трибуналардан, же маалымат каражаттары аркылуу коомдук пикир түзүп, “жеткени жети муштап, жетпегени эки муштап”, — дегендей өкүнүчтүү жери кайсыл бир тараптын кызыкчылыгын чечип берген судьянын жеке өзүн эмес, дүңүнөн эле сот тармагын жаманатты кылып жатышкандыгы өкүндүрбөй койбойт.Себеби дегенде ошол сот тармагынын аброюна шек келтирип жаткан бирин-серин“кумалактардын” артында өз иштерин мыкты билген, келечекте укуктук мамлекетти түзүүгө, өлкөбүздө мыйзам үстөмдүгүнүн калыптанышы үчүн иш алып барып жатышкан эмгек жамааты да бар экендигин белгилөө менен “чапанчандарды чабаарда көйнөкчөндөрдү” да эске алууну сөз арасында белгилеп кеткенибиз оң болор.
Математика илиминде цифрадан өткөн өжөр нерсе жок деп коюшат эмеспи. Жыл сайын республикабыз боюнча сот өндүрүшүндө болжол менен 180 миңдин ар жак бери жагында соттук отурумдар өтүп, соттор тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Ар бир сот процессине катышкан жабырлануучу жана жоопкер тараптардан сырткары да юридикалык билимдери бар тараптардын адвокаттары, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүшкөн прокуратура органынын өкүлдөрү катышат. Статистикалык маалыматтарга таянсак ошол 180 миң иштин 20 пайызы гана кийинки инстанцияларда даттанылат экен. Ошол даттанылган иштердин он пайызына жакыны өз күчүндө калтырылат калганы бузулат же болбосо кайра териштирүүгө жиберилет. Анан ушул жерден 80 пайыз эл сотторго ишенбейт деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин эсеп чотту ажырата билген катардагы карапайым жаран сары эсеп сала алат деп ойлойм. Бул жерден айталы дегенибиз, бирин-экин мисалдар менен эле бүтүндөй тармактын аброюна шек келтирүү адамгерчиликтин да, мыйзамдын да рамкасына сыйбас. Ким мыйзамды бузса ал керт башы менен жооп бериш керек. Негедир кийинки мезгилде «бөрүнүн оозу жесе да кан, жебесе да кан» дешеби айтор сот тармагы аркылуу өздөрүнө упай топтоо өнөкөт модага айланып бара жатканын байкайсың. Андыктан айтылган сын конкреттүү фактылар, цифралар менен айтылса деген гана ой.
Бир кезде Кыргыз өкмөтүн жетектеген Турсунбек Чыңгышовдун “келесоолор менен жалкоолор гана уурдабайт”, — деген “учкул сөзүнүн” карандай дагы калети жок экендигин, биринин артынан бири чубалган коррупцияга байланышкан акыркы мезгилдеги окуялар тастыктап койду.. Өлкөнүн эртеңки келечеги ишенип берилген жетекчилер ошондой эле кабыл алынган мыйзамдарды кынтыксыз аткарып, башкаларга үлгү боло турган укук коргоо органдарында иштегендердин өздөрү ири суммадагы акча каражаттары менен кармалып жаткан фактылардын өзү эле өлкөбүздө мыйзамды сыйлоо канчалык деңгээлде турмушка ашып жаткандыгынан кабар берүүдө.
Ушундан улам мамлекет башчысы тарабынан коррупцияны алдын алуу ага карата күрөштү күчөтүү иштеринде сот, укук коргоо органдарынын өздөрү таза болуусу талап кылынып, алардан жоопкерчилик суралып жаткандыгы, бул багытта укуктук мамлекетти түзүүгө жасалып жаткан кадам катары баалоого болот.
Укуктук мамлекетти түзүү жана анын принциптерин турмушка ашыруу процесси кайсыл гана өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларынан алып карабайлы сот өндүрүшүндөгү кабыл алынган чечимдердин натыйжалары менен да өлчөнүп баа берилет. Тагыраак айтканда ар бир судьянын көз карандысыз, келишпөөчүлүк жана калыстык менен адилеттүү чечим кабыл алуусу дал ошол мыйзам үстөмдүгүнүн эталону катары коомчулукта кабыл алынат. Ал мындан сырткары укуктук мамлекеттин фундаментин бекемдөөгө, жана ошондой эле өлкөдө стабилдүүлүктү камсыздоого алып келет. Демек, учурда бийликтин бул бутагына дүңүнөн айтылган дооматтар эмес, конкреттүү милдеттер зарыл керек болуп турат. Ошол милдеттер келечекте элдин сот тармагына болгон ишенимин алып келүүсү керек.
Булак: NazarNews.kg