www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көчмөндөр оюндары – улуттук идеологиянын башаты.

Чейрек кылымдан бери карай биз улуттук идеологиясы жок жашообузду өткөрүп келатабыз. Ал эми ошол маанилүү иштин чордонунда турган илимпоздор болсо акча төлөнбөгөн нерсеге баш оорутууну каалашпайт турганын ачык эле шардана кылышкан. Анын үстүнө падышалык тактыга отурган төбөлдөр элдин эмес өзүнүн айлана-тегерегиндегилердин камын көрүүгө дараметин чегеришти. Ошонун айынан кыргыз жергесинде эки жолу төңкөрүш жүз берип талкаланып, тонолгонду калыбына келтирүүгө көп күч, каражат жумшалды. Шүгүр дейли, сегиз жылдан бери өлкөбүз тынчтыкта, элибиз туруктуулуктун кучагында оокатын кылып келатат.

Азыноолак кеп кылчу темабызга кайрылсак төмөнкүдөй. Ооба, улуттук дөөлөттөрдүн, баалуулуктардын башатында турган эл аралык көчмөндөр оюндарынын биздин жергебизде өткөрүлүшү чоң утук болду десек аша чапкан болбойбуз. Эки ирет касиеттүү көлдүн аймагында өткөрүлгөн көчмөндөр оюндарынан улам кыргыз деген улуу журт дүйнөгө таанылды. Биздин башкаларга теңдешкис жетишкендиктерибизди өз көзү менен көргөндөр жомок сыяктуу айтып жүрүшкөнү кубанарлык. Айтор, 62 өлкөдөн келип улуттук салт-санааларыбызга, кереметтүү табиятыбызга, кол өнөрчүлүгүбүзгө, көз тайгылткан кийим-кечелерибизге, боз үйлөрүбүзгө, тамак-ашыбызга, меймандостугубузга күбө болгондор быйыл кайрадан ышкысы жанаарына шегибиз жок.

Ал эми сентябрдын башында белгиленип өтө турган эл аралык көчмөндөр оюндарына болсо 102 өлкөгө чакыруу жөнөтүлдү. Ал тургай Туркиянын президенти Рэжеп Тайип Эрдоган келери да күтүлүүдө. Андай болсо түрк тилдүү өлкөлөрдүн ажолору да бул таасирдүү көчмөндөр оюндарына катышуулары күмөн жаратпайт. Учурда даярдыктар өз ыргагында жүрүп жатканынан кабарыбыз бар. Буйруса жогорку уюшкандыкта өтөт деген ишенимдебиз. Тилекке каршы айрым “чаар баштар” эмитен эле каршылыгын көрсөтүп жатканы эмнеге байланыштуу? Алардын карманган фактысы эле миллиондогон каражатты талаага неге чачабыз? Андан көрө башка нерсеге керектебейлиби ошол акчаны деп акылдуусунат. А бирок, көчмөндөр оюндарынан улуттук идеология жыттанып турганын ал кыйындар сезгиси жок. Айрым оппозициячыл депутаттар да мунун бизге кыпындай пайдасы жок деп тегерегин эмне деген кеп чыгар экен деп кылыя карашат.

Дүйнөгө оң көз караш жараткан мындай алгылыктуу жөрөлгөдөн сыртта калбашыбыз кажет. Улут ушундай дөөлөттөрү аркылуу бийиктейт, башкалардан өзгөчөлөнөт. Жабыла киришсек тоону да томкоруп коёрубузду эбак байкаганбыз. Бизге кеткен миллиондор эмес улуттун өзгөлөргө таанылуусу, калктын ширелишкен биримдиги зарыл болуп турат. Ошондуктан астыртан кете турган чыгымдарды санабай, андан көрө кантип улутубузду даңазалоо керектигине башыбызды ооруталы. Бизнес чөйрөсүндө жүргөндөр, каражаты самандай сапырылган олигархтар Таиландга, Канар аралына бир жолу барбай калсаңар чыкыйыңарга мүйүз чыгып кетпейт. Жалпы элдик иштен четте калбоого ар бирибиз милдеттүүбүз.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости