www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Ахматбек Келдибекович, мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев, “партия мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.Артыкбаевди камакка алуу тууралуу чечим коррупция менен күрөшүү эмес, куугунтукка алуу деп эсептеймин”, деди. Сиздин пикириңиз кандай?
--Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн окудум. Атамбаев, билдирүүсүндө бийлик мыйзамды жана баш мыйзамды тебелеп, КСДПны куугунтукка алып, укук коргоо органдары да ушундай кадамга барып жатат деп айткан.
Куугунтук тууралуу ким айтса дагы, ушул Атамбаев чындык тууралуу какшап айтпай эле койсо болмок. Учурунда өзү президент болуп турганда адамдардын укугун тебелеп, эч кимди көзүнө илбей, мыйзамды өзү каалагандай калчаган так ушул – Атамбаев.
Бүгүнкү кырдаалды ким жаратты? Сооронбай Жээнбеков же депуттар жок жерден Атамбаевге окшоп бирөөлөргө доомат кылып, күнөөлүү деп таап чыккан жок. Алардын күнөөлүү экенине ТЭЦдеги болуп өткөн кырдаал себепкер болду. Мындай саясый кырдаал, Жогорку Кеңеште талкууну жаратты. Жыйынтыгында депуттык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңеште ТЭЦ боюнча талкууну, 3 күн жалпы кыргыз эли, дүйнөлүк коомчулук көрдү.
Калың калк талкууда канчалаган акчалардын сол чөнтөккө кирип кеткенине өздөрү күбө болду. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгынын негизинде гана укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү камоого чечим чыгарды. Анан Атамбаев кайсы саясый куугунтукту айтып жатат...
--Жогорку Кеңеште жыйындар залында ТЭЦ боюнча бир нече аткаминерлерди күнөөсүн эл өкүлдөрү ачыкка чыгарып коюшту. Мындай кырдаалга буга чейин, сиз өзүңүз дагы туш болгонсуз. Сизге кесиптештериңиз өз учурунда кандай караган?
--Парламентте, менин ишим боюнча мыйзам бузуу болгон эмес, эч кандай күнөө жок дегенине карабай, азыр чындык издеген Алмазбек Атамбаев, убагында мыйзамды көзгө илип койгон эмес. Атамбаев баш болуп, Аида Саляновасы каш болуп мени күнөөлүү деп чечкен. Мен бул жерде, бүгүнкү экстерге болгон чечимди, "туура болду" деп, табалап айткан жокмун. Ар бир нерсени учуру келгенде айтыш керек. Кыргызда, сөз атасы келгенде айтпаса болбойт дешет. Ошондуктан Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсү эптеп бийликти каралоого аракет кылганы. Кызыгы, президент Сооронбай Жээнбековго сөз кыйытып айтып жатпайбы? Тактап айтканда, Атамбаевдин айтканы баары суу кечпеген нерсе. Себеби, ТЭЦ менен "Кыргыз мамлекеттик тарых музейи боюнча козголгон кылмыш иштерин калп, бизди саясый куугунтук кылып жатат”, дегени өтө уят нерсе. Миллиондогон долларды жеп койгон мына ушуларды “ууру” десе болот. Менин угушума караганда жакын арада Датка-Кемин боюнча дагы чоң сумма ачыкка чыгат.
Мен Алмазбек Шаршеновичке айткым келет, ар дайым кылчайып артка караса. Президент болуп турганда мыйзамды тебелеп-тепсеп жатканы тууралуу ал кишиге биз, ал тургай эл дагы айткан. Карапайым эл чындыкты талап кылып, митингке чыкканда Алмазбек Атамбаев элдерди мазактаганын унутпаса керек. Ошондогу элдин талабы күнөлүүлөрдү камабай эле үй камагына чыгарып берүүнү суранганда, ошондогу президент Атамбаев эмне деген? Эми Алмазбек Атамбаев артка кылчайып карап, өткөн күндөгү катачылыктарынын барактарын шарактатып туруп ачып окуп койсун. Эгерде айткандарын унутуп калса, Фарид Ниязов деген политтехнологу аркылуу КТРКдан архивден видеотасмаларды алдыртып көрсүн.
Алмазбек Атамбаевдин куугунтугунун кесепетинен канчалаган адамдар үй-бүлөсүн, тууган-уруктары запкы тартып, ишенген жигиттерибиз түрмөдө олтурат. Андыктан Атамбаевдин бүгүнкү билдирүүсү анын - эки жүздүүлүгү жана бет тырмачылыгы деп эсептеймин.
--Камалгандар жөнүндө эмне дейсиз?
--Камалгандар жөнүндө адам катары айтсам - өтө өкүнүчтүү. Алар, Атамбаевдин тапшырмасын аткарамын деп, жыйынтыгы ушул болду.
--Алмазбек Шаршеновичдин бүгүн, чындык издеп чыккан Билдирүүсү сизге күлкү же аргасыз жылмаю жараткан жокпу?
--Өтө күлкүлүү. Себеби, мен өзүмө-өзүм суроо берип, “эмне себептен бизди куугунтукка алып, эч кандай мамлекетке бир тыйын зыян келтирбесек дагы бизди камады” - деп, жооп таба албай жүрчүм. Бүгүн ушул суроого жооп таптым. Биз ошол учурда парламентте олтурганда, Атамбаевдин мындай жең ичинен катылган чоң долбоорлору, дүйнө элинин ооз ачырган "уурулугу", көлөмдүү акчалар кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кирип кетишине эч качан жол бермек эмеспиз. Көрсө, биз аларга аябай чоң жолтоо болгон үчүн гана, бизди куугунтуктаганы ачык-айкын билинип калды.
Булак: NazarNews.kg