www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылдын башында чарбалык субьектилер бюджетке чет элдик насыялардан жана бюджеттик ссуднадан түшкөн 2 миллиард 202,5 миллион сомду кайрып берди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги карыздын суммасынан 1 миллиард 490,83 миллион сом жана 711,67 милилон сомдук пайыздар жана айыптар берилди. Муну менен кайтарылган  каражаттын 1 миллиард 824,34 миллион сомун (82,8 пайызын) – чет элдик насыялар түзөт. Бюджеттик насыядан 378,15 милилон сом (17,2 пайыз) берилди.

Өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттик жана чет элдик насыялар 1,7 эсеге өстү. Муну менен 2019-жылы чарбалык субьектилер бюджетке чет элдик насыялардан жана бюджеттик ссуднадан түшкөн каражат 3 миллиард 496,76 миллион сомду түзөт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости