www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептеги кырсыктан улам мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаеванын айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 16 адам жеткирилген.

"Медициналык текшерүүдөн кийин коркуп калгандыктан жана стресс алгандыктан бир мугалим жана үч окуучу ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин ӨКМ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин окуу кабинетинин шыбы урап түшкөнүн кабарлаган. Ал жактагы 16 окуучу менен бир мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөтүлгөнү белгиленген.

Бул окуядан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыйын өткөрүп, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости