www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз бийлиги экс-президенттин тарапташтары менен кармашууну токтотуп, учурда курчуп турган өлкөнүн коопсуздугу боюнча маселени чечүү жолун карашы керек”.
Абакта олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мына ушундай билдирүүсүн уулу Кадырбек Фейсбук баракчасында жазып чыкты.
Анын бул билдирүүсүндө, мурунку президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Ошону менен бирге тезирээк тынчтык жана туруктуулук орношун үмүт кыларын кошумчалайт.
“Атам өзүн жакшы сезүүдө. Биз акыркы кабарларды айтып бердик, жакын арада мен ага берип жиберчү адабияттардын тизмесин талкууладык”, -дейт Кадырбек Атамбаев.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев кечээ 63 жаш, Пайгамбар курагына чыкты. Туулган күнүдө ага кичүү уулу Кадырбек жана жубайы Раиса Атамбаева жолугушуп чыгышкан.
Булак: "NazarNews.kg"