www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде чыккан жаңжалдан талкаланып, өрттөлгөн турак үйлөр мамлекеттин эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Бул тууралуу президенттин аппаратынынын маалымыт кызматы билдирди.

Ал эми калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үйлөр бекер курулуп берилери айтылды.

Кандуу кагылышууга алып келген чыр 28-апрель күнү башталып, уланып кеткен. Кечээтен бери сүйлөшүүлөр жүрүп, атышуу токтоп, абал турукташа баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген маалымат боюнча, жаңжалдан Баткен менен Лейлек райондорунда 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу станция, сегиз дүкөн жарактан чыккан.

Буга чейин Лейлектин Максат айылына барган биринчи вице-премьер Артем Новиков да бүлгүнгө учураган турак жайлар калыбына келтирилерин белгилеген болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости