www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук госпиталга жаткырылган эки жабырлануучу реанимацияда, абалы орто. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада 20 бейтап жатат. Алардын сегизи аскер кызматкерлери, эки кызматкер орто медициналык кызматкерлер, калганы жай тургундар.
«Эң улгайган бейтаптар 1969 жана 1975-жылдары төрөлгөндөр, калгандарынын жашы 30 жашка чейинкилер. Жабырлануучулардын баш мээсинин жабык жаракаттары, мээси чайкалышы, көгөргөн жерлери, сыныктары, октон жарааттары бар. Бардык керектүү медициналык жардамдарды көрсөттүк, дары-дармектерибиз бар. Тар адистер бейтаптарды карап чыгышты. Учурда бейтаптар операцияга муктаж эмес», - деди Токтобай Маанаев.
Эске сала кетсек, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 103 адам жабыркап, 24 адам каза болгонун билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондорунун жети айылынын, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты. Бирок, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап келишимдерди кайрадан бузган.
Булак: NazarNews.kg