www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14-сентябрь күнү Баткендин Лейлек районундагы Максат айылы менен Тажикстандын Овчу-Калача айылынын чектеш аймагына тажик тарап аскердик курулуш баштаганын жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти.

Муну Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов да “Азаттык” радиосуна такстыктап, өзү ошол аймакта жүргөнүн билдирди. Бул жагдайга байланыштуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүү аракетинен азырынча майнап чыкпаганын кабарлады.

Азырынча тажик тараптан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Тажикстандын Гафуров районунун жетекчилиги менен Лейлек районунун акими өткөн жумада жолугушуп, такталбаган аймакта курулуштарды жүргүзүүнү токтотуу тууралуу өкмөттөр аралык макулдашууну аткарууну сүйлөшкөн.

31-август күнү ушул аймакка жакын Арка айылында Кыргызстандын жараны өз үйүнө коргон куруп жатканда, тажикстандыктар каршылык көрсөтүп, таш ыргытышкан.

Мындан кийин Лейлектин жана Тажикстандын Гафуров районунун жетекчилиги жолугуп, такталбаган аймакта курулуштарды жүргүзбөй, токтото турууну макулдашкан эле - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости