www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара жаңжалы: Тажик тарап уурдалган эки унааны кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы 5-май, саат 11.30га карата Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда туруктуу.

Ошондой эле, Чек ара кызматы Тажикстан 4-майда чек ара жаңжалы учурунда уурдап айдап кеткен кыргыз жарандарынын эки унаасын кайтарып бергенин кабарлады.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 5-майда коогада зыянга учураган чек ара бекеттерин кыдырып жүрөт.

Куралдуу кагылыштан кыргыз тараптан 36 киши каза болду. 183 тургун жараат алды.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле, беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости