www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түздү, деп билдирди бүгүн, 18-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги.

14-сентябрдан бери Тажикстан менен чек арада кагылышуулар уланууда.

Тиешелүү органдар каза болгон аскер кызматкерлери боюнча расмий маалымат бере элек.

Каза болгондордун тизмеси толукталууда:

1. Жекшенбеков Апсамат - улук лейтенант, Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында туулган.

2. Канатбеков Агадил - Чек ара кызматында кызмат өтөгөн, Жети-Өгүз районунун Тосор айылынын тургуну

3. Амангелди Балыкчиев - Кемин районундагы Бообек айылынын тургуну

4. Айбек Ысманов - ӨКМдин кызматкери, Баткен шаарынын тургуну. Артында 3 уулу жана жубайы калды

5. Акылбек уулу Баяман - Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын тургуну.

6. Алмаз уулу Бейкут - улук лейтенант, Нарын районунун Эчки-Башы айылында туулган.

7. Шарабидин уулу Бекмырза - Ноокен районунун Бүргөндү айылынын тургуну

8. Райымкул уулу Баатырбек - Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну.

9. Исламбек уулу Бектур - Ош облусунун Жапалак айылынын тургуну. Анын артында эки баласы жана кош бойлуу жубайы калды.

10. Бектенов Гүлжигит - Ноокен районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну.

11. Малашов Даниел - Сузак районунун Кара-Чолок айылынын тургуну

12. Якубов Жаныбек - Лейлек районунун Маргун айылынын тургуну. Аскердик унаада ок-дары менен бараткан. Ага тажик аскерлери аткан минометтун сыныктары тийген.

13. Мирлан Какеев - катардагы жоокер, Нарын районунун Куланак айылында туулган.

14. Сулайманов Мухтарбек - лейтенант, Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

15. Баатырбеков Манас - кенже сержант, Баткендин Базар-Башы айылында туулган. Ал 2-октябрда турмушка чыгышы керек болчу. Ак-Сай айылындагы Головной суу алуучу участкасында аткылоодон каза болгон.

16. Жаныбеков Нурсултан - улук сержант, Нарын районундагы Оттук айылында туулган.

17. Акчалов Чынгыз - Талас облусунун Манас районунун тургуну. 17-сентябрь каникулга чыгып, тойдун күнүн белгилеш керек болчу

18. Турсунбаев Эрлан - Чек ара кызматында 1,5 жыл кызмат өтөгөн, Кара-Балта шаарында туулган

19. Ураимов Эламан - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылынын тургуну. Анын артында эки баласы жана жубайы калды. Ал граната менен өзүн жардырып, 5-6 тажик аскеринин өмүрүн алган.

20. Набиев Алишер - Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында кызмат өтөгөн

21. Баратов Нурбек - Сүлүктү шаарында туулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости