www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-Тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон жоокерди операция кылуу үчүн Москвага алып кетишти. Бул тууралуу жоокердин агасы Батыр Модонов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.
"Кечээ, 29-майда кечинде алып кетишти. Ал жактан операция болот экен. Бирок так датасы белгисиз. Ал эми инимди коштоп жакындары бара алган жокпуз. Аны дарыгерлер коштоп алып кетишти. Абалында өзгөрүү деле жок", - деди Модонов.
Эке сала кетсек, 8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.
Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жана 1 тургун жаракат алган. Ал 3 аскер кызматкери Бишкекке алып келинген. Чек ара чырында ок тийип жаракат алган С.уулу М. аттуу аскердин абалы оор экени айтылган.
Булак: NazarNews.kg