www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арада тажик чек арачылары ок атты

Бүгүн 22-майда да кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан чочулоо жараткандыгы кабарланууда.

Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок аткан

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. “Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда Тажикстандын чек ара кызматкерлери келишкен, - деди мекеме өкүлү. - Алар менен жергиликтүү тургундар кайым айытышып, тажик чек арачыларын көрүстөндүн аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан кезде, кыргызстандыктар тажик чек арачыларынын жолуна аң каза башташкан. Ошол мезгилде тажик чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан”, -деп айтты ал.

Эл аймакка бийлик башчылары келүүсүн талап кылып турушат.

Эске салсак, пикир келишпестиктин себеби болгон көрүстөн чек арада жайгашкан. Буга чейин кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөгө тажик чекарачылары кирип келип, кыргыздарды жолотпой койгон. Алар жаан-чачын болгон учурда мүрзөнүн атайын жабдыктар коюла турган бастырмасына да ээлеп, пайдаланып башташкан.

Булак:NazarNews.kg



 

Последние новости