www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин төрагалыгы алдында Кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Курсан Асанов, Мирлан Каниметов, алдыңкы кызматтардын башчылары болушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен  Бузуулардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маниторингдин жыйынтыктары, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндөгү Кодексти колдонуу, анын ичинде үй-бүлөөлүк зомбулукту алдын алуу, андан сырткары “Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иштери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, анын ичинде жаңы ченемдик-укуктук актылардын шартында ыкчам кызматтардын иштериндеги маселелери талкууга алынды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги менен курамына кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгууга катышкан президенттин аппаратынын кызматкерлери менен укуктук эксперттер кирген эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда пайдалуу талкуу жүрдү.

Жолугушуунун катышуучулары тергөөчүнүн ыкчам кызматкерлер менен кызматташуусунун механизмдерин, андан сырткары башка маселелерди кароо керектигин белгилешти.
 Жолугушуу бири-бирин түшүнүү жана иштиктүү маанайда өттү.
Эске салабыз, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанынын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Эксперттик топтун курамына Президенттин, Өкмөттүн Аппараттарынын, Жогорку соттун, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуу-укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирди.Жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев эсептелинет.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости