www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Сирия, Украина жана Иран тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты.
Кремлдин маалымат борборунан билдирилгендей Путин, Макрон жана Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Телефондогу сүйлөшүүдө Сирия маселеси каралганы белгиленген билдирүүдө, «Путин, Сириянын түндүк батыш жагындагы абалды ыраатуулукка жеткирүү, жарандарды коргоо жана террор коркунучун жок кылуу үчүн Түркия менен биргелешип көрүлгөн чаралар туурасында маалымат берди».
Анда, Сирияда Конституциялык комитеттин түзүлүүсү жана Сириядагы кризистин БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 номердүү токтомуна ылайык чечүүчү жол табылышы боюнча координациянын камсыздалышы керектигине басым жасалды.
Украина кризисинин Минск келишимдеринин алкагында чечилиши керектиги да баса белгиленген жарыяда, «Путин, Донецск жана Луганск облустарынын атайын статусу тууралуу мыйзамдардын күчүнө киришинин, Киев менен Донецск жана Лугансктын ортосунда түздөн-түз диалогдун курулушу жагынан маанисин эске салды»,- деп айтылды.
Иран ядролук келишиминин улантылышы керектигине токтолгон жарыяда, «Орусия, Франция жана Германия, Иран менен экономика жана соода жаатында кызматташтыгын уланта тургандарын ырастады», - деп жазылат.
Жарыяда, тараптардын ар түрдүү деңгээлдерде сүйлөшүүлөрдүн улантылышы темасында макулдашкандары да белгиленди.
Булак:NazarNews.kg