www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арада жашаган Адил Садыр Жапаров менен жолукту

Буга чейин Тажик тараптын агресивдүү кол салуусунан саналуу күн мурун чек арада жашоо коркунучтуу болуп жатканын айткан Адил Садыр Жапаров менен жолуга турганы кабарланган. 

Ал бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова жеке баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын жазган маалыматына ылайык, президент кичинекей коногун жылуу тосуп алып, маселесин чечип берүүнү убадалаган.

"Адил түнү бою уктабай, толкунданып чыкты. Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилге аталык мээрим төгүп кучактап, бир катар суроолорду берди.

Ал Адилдин атасынын маселеси Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин айтып, жакынкы аралыкта аны чечип берүүнү убада кылды", - деп жазды Молдокматова.

Эске салсак, 26-апрелде "Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты" деген Эсен Мажитовдун жубайы чоо жайын айтып берген. 

Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Адил Абдурахимов дал ошол камакта жаткан Эсен Мажитовдун тун уулу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости