www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу жалпы 11 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалымат жыйында кабарлады.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдар:
Жазык кодексинин 264-беренесинде (Массалык башаламандык);
380-беренесинде ( Тынчтыкка каршы кылмыш);
210-беренесинде (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо);
266-беренесинде (Бейбаштык);
358-беренесинде ( Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү);
130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери, анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен Лейлек районундагы он эки жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Головной тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде дагы элдердин арасында курман болгондор катталган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Ошондой эле Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургундун барымтага алынышы боюнча кылмыш иши козголду.
Булак: NazarNews.kg