www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы ок атуу боюнча УКМКнын билдирүүсү

Бүгүн Баткендин Лейлек районунда тажик чек арачылары ок чыгарып, кыргыз жараны жаракат алды.  УКМКнын чек ара кызматы төмөндөгүдөй маалымат берди:  Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз жараны Лейлек районунун Максат — Жаштык жолунда КаМАЗ үлгүсүндөгү унаа менен кетип бара жаткан.

Жол кыргыз-тажик чек арасын бойлой жайгашкан. Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон маалда анын жанына Тажикстандын үч чек арачысы келип, унаага отуруп, андан Тажикстандын аймагына өткөрүүнү талап кылышкан. Айдоочу жолун үчөө менен улантып бара жатып башка автоунаанын жолун тосуп, кыйкырганга жетишкен.

Чек арачылар КаМАЗдан түшүп, айдоочу андан ары жолун улап кеткен. Бирок тажик чек арачылары автоунааны үч ирет атышкан. Ок чыгаруудан айнектер сынып, ал сыныктардан айдоочу жаракат алган. Учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Ганчинский районунун чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүп жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости