www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы опузалоо тууралуу маалымат текшерилүүдө

УКМК Чек ара кызматы кыргызстандык чек арачы мыйзам бузганы тууралуу маалыматтын чын-төгүнүн тактай баштаганын мекеменин басма сөз кызматы 15-ноябрда билдирди.

Чек ара кызматынын Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиевдин айтымында, опузалап акча алуу окуясына Баткен облусу боюнча башкармалыктын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар же жогу боюнча териштирүү башталды:

“Бүгүн “Камаздын” айдоочусун жана машинанын ичинде бараткан куруучуну “Самаркандек” чек ара заставасынын Баткен районунун Жаңы-Бак айылында кызмат өтөгөн жеке курамы менен бетме-бет кезиктирүү болот. УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилигин кароо үчүн жөнөтүлөт”.

Бүгүн Интернеттеги айрым маалымат булактарында “чек арачылар курулуш материалдарын алып бараткан жарандын акчасын алып койду” деген маалымат тараган. Айрым булактар ал адам Өзбекстан Баткенде кура турган мектепке курулуш материалдарын ташып бараткан куруучу болгонун жазышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости