www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт кеткендердин саны 37 кишиге жетти. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жараат алгандардын саны 129 киши.

"Баткен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ЖК комиссиялары иш алып барууда. Жабыркаган жарандарга 177 тонна, анын ичинен 86,7 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары, кампага чогулган 90,3 тонна гуманитардык жардам сакталууда", - деп айтылат маалыматта.

Атайын эсепке чогулган сумма 17-сентябрь саат 17:45ке карата 9 млн 862 миң 243 сомду түздү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 36 млн 7 миң 720 сом каражат түштү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости