www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элдерди Польша менен Чехияга жумушка орноштурабыз деген алдамчылар боюнча чырлуу иш аяктады. Бирок, “Оками” ААКысына алдангандардын баары эле өз акчаларын кайтарып ала алышкан жок.
Эске салсак, 2018-жылдын 30-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан “Оками” ААКысынын директору Нурсерик Нурлановду кармалган. Ал кыргызсандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну убадалап акча алып, бирок аткарган эмес. 2018-жылдын 3-декабрында Нурсерик Нурлановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 180 (мыйзамсыз ишкерлик кылуу), 166 (алдамчылык) жана 350-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Жалпысынан ар бири миңден эки миңге чейин евро берген 150дөн ашуун үй-бүлө бул компанияга алданган. Кыргызстандыктарга өтө ири суммадагы чыгым келтирген. “Оками” ААКысынын жетекчиси кылмышын мойнуна алган.
Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө карата жабырлануучулардын үчөөсү гана компенсация ала алышты. Ал үч киши: Э. Жарамбетов, М. Асылбеков жана Т.Дүйшөналиев “Юстим” юридикалык компаниясына жардам сурап кайрылышкан. Булардан башкалары деле өз укуктарын коргоого аракет кылышкан менен, акчаларын кайтара алышкан жок же кайра эле алданып калышты.
Эгерде сиз дагы өзүңүз же кимдир бирөө аркылуу өз укугуңузду коргоого аракет кылып, андан жыйынтык чыкпаса же жардам сурап кайрылбасаңыз, анда “Юстим” юридикалык компаниясына кайрылсаңыздар болот. “Юстим” юридикалык компаниясынын кызматкерлери “Оками” ААКысынын кызматкерлеринен жабыр тарткандарга бекер юридикалык жардам көрсөтөт.
Каалоочулар төмөнкү дарекке кайрылса болот:
Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 39а.
Тел.: 0 (700) 970 430, 0 (771) 213 056, 0 (312) 884 383.
Өлкөдө мына ушундай учурлар катталып жаткандыгына байланыштуу, “Юстим” юридикалык компаниясы ушул сыяктуу кайрымдуулук иштерди уюштуруп турууну чечкен. Ошондой эле, мына ушундай алдамчылардын кылтагына түшүп калбоосу үчүн жарандарды сак болууга чакырат.
Булак: "NazarNews.kg"