www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска байланыштуу быйыл да чет элдиктерге ажыга барууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, пандемиянын шартында Сауд Арабиясынын бийлиги быйыл Меккеге зыяратка баруучулардын санын 60 миң адамга чейин чектөө чечимин кабыл алган. Аталган өлкөнүн гана мусулмандары ажылык милдетин аткара алышат, алардын бардыгы COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керек.

Жаңы эрежелерди Сауд Арабиясынын ажылык жана умра иштери министрлиги жарыялаган. Ажылык аткара турган бардык жарандар 18 жаштан 65 жашка чейин жана өнөкөт оорулардан алыс болушу керек.

Сауд Арабиясында 460 миңден ашуун адам коронавирусту жуктуруп, 7 миңден ашуун адам көз жумган. 2020-жылы падышалыктын бийлиги ажылыкка чет өлкөлүк зыяратчыларды киргизбей койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости