www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунда ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга көмөктөшкөн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгү каралды. Комиссиянын чечими менен 9 агенттикке карата тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Атап айтканда, төмөнкү компанияларга бир жылдык мөөнөткө чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу боюнча уруксаттар берилди же узартылды:
«НаРзиЗ Тур» ЖЧКсы — Германия;
«Шарт Кей Джи» ЖЧКсы — Германия;
«Марсель-Е Компани» ЖЧКсы — Түркия;
«Гринвей Груп» ЖЧКсы — Германия;
«АПГРЕЙД СТАФФ» ЖЧКсы — Россия;
«Ворлд трэвел энд ворк» ЖЧКсы — Беларусь.
Мындан тышкары, «Албан Лидер» ЖЧКсынын Латвиядагы ишмердүүлүк боюнча уруксаты бир жылдык мөөнөткө шарт менен узартылды.
Ал эми «СУЛТАН ТРАВЕЛ» ЖЧКсына (Польша) байланыштуу маселе компаниянын өкүлү жыйынга келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылды.
«Глобус Кей Джи Плюс» ЖЧКсынын Россия багыты боюнча уруксатын жокко чыгаруу маселесин кароо да кийинкиге калтырылды.
Министрлик чет өлкөдө иштөөнү пландаган жарандарга расмий каттоодон өткөн жана тиешелүү уруксаты бар жеке ишке орноштуруу агенттиктерине гана кайрылууну эскертет.
Ошондой эле жарандарга сунушталган жумуштун шарттарын, эмгек келишимин жана башка тиешелүү документтерди алдын ала кылдат текшерүү сунушталат.