www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн мониторингдин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандын башкаруусундагы автоунаага мыйзамсыз түрдө атайын жарык белгилери орнотулуп, колдонулуп жүргөнү аныкталды.

Мекеменин маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында айдоочу жана анын автоунаасы аныкталып, кармалды.

Айдоочуга карата тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле транспорт каражаты атайын айып короо жайына токтотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырып, атайын жарык жана үн сигналдарын мыйзамсыз колдонуу мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин эскертти.

Последние новости