www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет мамлекеттердин парламенттеринин жана парламенттер аралык уюмдардын башчылары Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттукташты

Чет мамлекеттердин парламенттеринин жана парламенттер аралык уюмдардын башчылары Талант Мамытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттукташты.  
Тагыраагы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын Республикалык Кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Башкы катчысы 

Станислав Зась жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий өз куттуктоолорун жөнөтүшкөн.  
Анда парламент башчыларынын  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен парламенттер аралык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендиктери белгиленген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости