www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин төрагасы, “Миллий тикланиш” (Улуттук кайра жаралуу) партиясынын лидери Алишер Кадыров башка өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн согушка катышкан өзбекстандыктарга катаал чара көрүүгө чакырды.
Кадыров Кылмыш кодекси боюнча бөтөн өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жалданган өзбек жаранын беш жылга эркинен ажыратуу таасири аз чара экенин белгиледи.
“Мындай кишилер жарандыктан ажыратылып, согушка чакырган күндөн тартып Өзбекстанга өмүр бою кирүүгө тыюу салынышы керек”, - деди ал. Алишер Кадыров буга байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кеңешме башталганын кошумчалады.
Бир нече күн мурун “Пермь крайындагы Борбор Азия өзбектери коомунун” лидери Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн Тамерлан атындагы батальон түзүүнү сунуштаган. Бул билдирүүнү өзбек бийлиги, анын ичинде Өзбекстандын Моквадагы элчилиги, Тышкы миграция боюнча агенттик сынга алган.
Булак: NazaNews.kg