www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылдын январь-июль айларында чет өлкөдөгү жеке адамдар Кыргызстанга 1 млрд 980 млн доллар акча которду. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында келтирилди.
Сегиз-тогуз айдын эсеби чыга элек. Которулган сумманын көпчүлүгү – 1 млрд 844 млн доллары Орусиядан келген. АКШдан 48 млн доллар, Казакстандан 13,5 млн доллар, Түркиядан 7 млн доллар, Түштүк Кореядан 1,2 млн доллар которулган. Калганы башка өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн акча.
Быйылкы жети айдагы сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. 2024-жылдын жети айында 1 млрд 671 млн доллар келген.