www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VI чакырылыштагы “чимкирик”, “элита”, “кой” сыяктуу ар кандай каймана аттарга ээ болгон парламенттин кылган иши коомчулукту алымсынтпай, көптөн бери ана тарайт, мына тарайт менен жашап келет. Бирок, мунусунда даана тарачу болуп калды окшойт.
Ошол эле Жогорку Кеңештин өзүнөн чыккан айрым маалымат булактары бул чакырылыштагы парламент чукул арада тараганы калганын айтышууда. Буга, албетте, эң биринчи себептерден болуп мыйзам чыгаруу жаатында депутаттардын алсыздыгы, алардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн негизги жумушу – мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө экендигин унутуп, тек гана популисттик кадамдарга басым жасап жаткандары болуп берет.
Бул парламенттен жогору турган бийликке да ыңгайлуу болуп туру. Балким, демилге дал ошол жогорку жактан келип түшүшү да толук мүмкүн.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, VI чакырылыштагы парламентти таратуу сунушун дал ошол эле депутаттардын өздөрү жакынкы күндөрү жыйынга алып чыгат жана VII чакырылыштагы парламентке шайлоо келе жаткан 2020-жылдын жазында өтүшү күтүлөт.
Демек, ушул божомол туура келип калчу болсо, кийинки жылдын күзүнө даярданып жаткан саясий күчтөрдүн шаштысы кетип, көпчүлүгү парламент босогосун аттоого үлгүрбөй, кайра эле баягы эски саясатчы-депутаттар шапкелерин алмаштырган тейде (партия алмашып) келип калышы айтпасак да белгилүү.
Аны менен катар жаңы кабыл алынган мыйзамга оңдоолор боюнча парламент босогосуна өтүү 9 пайыздык барьерди эске ала турган болсок, аты-жыты коомчулукка анча сиңише элек, болбосо жаңы түзүлө калчу партиялардын шансы дегеле жок экенин унутпашыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg