www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы тарабынан Кемин районундагы курулуш объектилерине текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Хутор-4 аймагында жайгашкан “Комбикорм заводу” объектисинде шаар куруу мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталган. Мындан тышкары, объект мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбастан курулуп жатканы белгилүү болду. Бул аракеттер “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарына каршы келери айтылды.

Жыйынтыгында “БМ” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Тиешелүү орган курулуш компанияларын мыйзам талаптарын, курулуш нормаларын жана техникалык эрежелерди так сактоого чакырды.

Последние новости