www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Панфилов районундагы административдик имараттын курулуш объектисинде бетондун сапаты жана бекемдиги көзөмөлдөндү.
Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери объектте бетондун иш жүзүндөгү бекемдик көрсөткүчтөрүн аныктоо үчүн атайын сыноолорду жүргүзүштү. Ошондой эле аткаруу жана техникалык документтердин белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жүргүзүлгөн курулуш-монтаждоо иштеринин ченемдик-техникалык документтерге ылайык келери боюнча тиешелүү баа берилет.
Министрлик белгилегендей, курулуш материалдарынын жана аткарылган иштердин сапатын туруктуу көзөмөлдөө объектилердин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана узак мөөнөт пайдаланылышын камсыздоодо маанилүү роль ойнойт.