www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 19-декабрында Панфилов РИИБге 1994-жылы туулган Т.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 16-декабрында Каинда шаарындагы Трудовая көчөсүндө жайгашкан «LEGACY» өзүн-өзү тейлөөчү унаа жуучу жайдын аймагында белгисиз адамдар ага кол салып, топ болуп аракеттенүү менен, бейбаштык ниетте жана физикалык күч колдонуп, денесине жаракат келтиришкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эксперттин корутундусуна ылайык, жабырлануучуга ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 131-беренесинин (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген жарандар аныкталып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Алар — 1986-жылы туулган М.Т. жана 1989-жылы туулган М.Т. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринен кийин Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, шектелгендер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылууда.