www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда социалдык тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИББи жана Аламүдүн РИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлери Facebook социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн А.К. аттуу колдонуучунун аккаунтун аныктаган.

Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Таратууга шектелип, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун идеологияларынын активдүү жактоочусу, 48 жаштагы А.М. аттуу жаран аныкталган. Анын социалдык тармакка катталып, колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости