www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй районунун акими болуп Осмонов Алманбек Эрмаматович дайындалды. Бул тууралуу Чүй райондук администрациясынан билдиришти.
Осмонов Алманбек Эрмаматович 1971-жылдын 3-мартында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган.
Жогорку билимдүү. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун жана Кыргыз экономикалык академиясын, ошондой эле юридикалык багытта билим алган.
Эмгек жолун 1992-жылы баштап, жер ресурстары, айыл чарба, мамлекеттик каттоо жана мамлекеттик башкаруу тармактарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
2022-жылдан тартып жер ресурстары жана кадастр тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келген.