www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда курулуш тармагындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө максатында 25 курулуш индустриясы объектиси текшерилип, мыйзам бузгандарга 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды.

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүлөрдүн алкагында уруксат берүүчү жана долбоордук документтердин болушу, курулуш иштеринин бекитилген долбоорго шайкештиги, ошондой эле курулуш ченемдеринин жана шаар куруу мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы көзөмөлдөндү.

Текшерүүгө бетон-эритме түйүндөрү (БЭТ), асфальт-бетон заводдору (АБЗ) жана майдалоо-сорттоо комплекстери кирген.

Жыйынтыгында шаар куруу жана архитектура мыйзамдарын бузганы үчүн «Арал-Боом», «Мостострой отряд» мамлекеттик ишканасына, ошондой эле «Авира Групп», «Бишкек Инвест» жана «Бишкек Дистрибьюшн» ЖЧКларына карата жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашык айып пул салынды.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөр берилди.

Последние новости