www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектүү жаран кармалды.

14-майда болжол менен саат 18:40 чамасында Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында 2004-жылы туулган К.у.И. «Хонда Торнео» унаасын айдап бара жатып, жол эрежесин бузган: жогорку ылдамдыкта келе жатып, рулга ээ боло албай, жолдун четине чыгып кеткен.

Мунун кесепетинен унаа жол жээгинде турган 5 адамга сүзүлгөн. Алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде төмөнкүлөр каза болгон:

- 1997-жылы туулган С.С.,

- 2024-жылы туулган Б.А.,

- 2020-жылы туулган А.М.,

- 2022-жылы туулган А.А.,

- 2011-жылы туулган Ч.Ф.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) менен катталды.

22 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости