www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

14-мартта Сокулук РИИБге 1995-жылы туулган жергиликтүү тургун Т.И. арыз менен кайрылып, «Т.» аттуу чала таанышына чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, «Т.» 2022-жылдын октябрь айында Сокулук районунан үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, 550 миң сом алып, изин жашырып кеткен.

Ушундай эле арыз менен С.Э. аттуу жаран дагы кайрылып, «Т.» аттуу чала таанышы 2023-жылдын июнь айында алдоо жолу менен 264 миң сом акчасын ээлеп алып, изин жашырып кеткенин айткан. Бул фактылар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү А.Т. Чүй облусунун башка райондорунда жана Бишкек шаарында да ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости