www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө аял адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-августта болжол менен 20:46 чамасында Жайыл РИИБге Петропавловка айылындагы Крупская менен Чыгыш көчөлөрүнүн кесилишинде 45-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган. Маркумдун 1960-жылы туулган жаран экени, Жыйыл районунун жашоочусу экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган жаран кармалган. Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Последние новости