www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалганы облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Аламүдүн РИИБге И.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында, С.К. аттуу жаран Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында 82 га жер участок алуу учурунда, ошондой эле Лесхоздо 200 га аз колдонулган жерлерди документтештирүүдө мыйзамдуу жардам көрсөтүү жана коштоо убадасын берип, анын ишенимге кирип, арыз ээсинен 27 000 АКШ долларын алып, анда кийин байланышка чыкпай калганынын билдирип жана ага чара көрүүнү суранган. 

Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

2026-жылдын 18-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган С.К. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 Тергөө иштери уланууда.

Эгерде шектүүнүн аракеттеринен жабыркагандар болсо, Ысык-Ата РИИБге кайрылышыңыздарды же төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышышыңызды өтүнөбүз: 0700 61 69 07, 0312 616 907.

 

Последние новости