www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Жайыл районунун Орто-Суу айылындагы арыкта эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жансыз денеси табылган жаран Айдарбек айылынын тургуну, 1987-жылы туулган Д.Б. экендиги такталган. Суралган туугандарынын айтуусу боюнча аталган жаран 2022-жылдын 2-декабрь күнү Орто-Суу айылында өткөн тойдун көк-бөрү оюнуна катышкан. Өткөрүлгөн оюнда жүргөн адамдар Д.Б. мас абалында болгонун билдиришкен. Өлүмдүн эмне себептен келип чыкканын тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости