www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда өлүмгө алып келген оор дене жаракатын келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-февраль күнү болжол менен саат 13:06 чамасында Панфилов РИИБге Чалдовар айылындагы бир турак үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Көрсөтүлгөн дарекке тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн. Текшерүү учурунда, 26-февралда болжол менен саат 09:00 чамасында 1976-жылы туулган Ш.Р. аттуу жарандын үйүндө 1958-жылы туулган Т.И. аттуу коңшусу менен бирге спирттик ичимдиктерди ичип отуруп, ортодо сөз чатагы чыккандыгы аныкталды. Чыр учурунда Ш.Р. Т.Иге бир жолу оң санга бычак менен сокку урган. Натыйжада Т.И алган жаракатынан улам окуя болгон жеринде көз жумган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) белгилери менен кылмыш иши козголду.

Изи суй электе милиция кызматкерлери шектүүнү аныктап, 1976-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББнын Басма сөз кызматы

Последние новости