www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 80 жаштагы пенсионердин үйүнө кирип, аны сабап, андан кийин карактап кетишкен. Укук коргоо органдары 3 шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 25-январына караган түнү болгон. Жабырлануучунун айтымында, түнкү саат 00:30 чамасында анын Котовский айылындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, аны сабап, андан кийин колу-бутун аркан менен байлап, сейфтеги 165 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алып кетишкен.

Тергөөдө каракчылыктын уюштурган киши жабырлануучунун мурдагы жубайынын тууганы экени аныкталган. Шектүүлөр пенсионердин сейфинде жер сатуудан түшкөн чоң акча бар деп болжошкон. Бирок акчанын көбү банктык депозитте сакталганы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 31 жаштардагы Б.М. жана Ж.А., ошондой эле 48 жаштагы Р.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иши улантылууда.

Последние новости