www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда 29 жаштагы кишиден эки килограмм мефедрон табылганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен ("Баңги жана психотроптук заттарды, алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү") иш козгогон.

"Кармалган 29 жаштагы К. у. А. аттуу жаран эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү. Аны Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы "Манас аэропорту – Бишкек шаары" жолунан кармашкан. Жанынан 2 килограмм мефедрон чыккан жана рыноктогу баасын эсептей келгенде 12 миллион сомду түзгөн. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Учурда баңгизат каналына тиешеси барларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө уланып, бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

УКМК Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жогорудагыдай кылмыш үчүн 14 жаштан ашкандар сегиз жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости