www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү менен алектенген жашыруун лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизаттарды жашыруун кыстырма аркылуу таратып жүргөн 2002-жылы туулган А.М.Т. жана баңгизаттарды сатууга даярдоо менен алектенген 2001-жылы туулган К.У.И. аттуу жарандар кармалган.

Андан кийинки иш-чаралардын алкагында Аламүдүн районундагы айылдардын биринде үйдү ижарага алып, синтетикалык баңгизат өндүрүүчү лаборатория уюштурган 1991-жылы туулган И.К.К. жана 1992-жылы туулган М.В.Ч. аттуу чет өлкөлүк жарандар да кармалган.

Ижарага алынган үйдү тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүгө арналган жабдуулар, атайын кийимдер жана сатууга даярдалган баңгизаттар табылган. Анын ичинде 1 килограмм 400 грамм мефедрон, 3 килограмм 50 грамм гашиш жана 2 грамм каннабис майы алынган.

Тергөө маалыматтарына ылайык, шектүүлөр 2025-жылдын ноябрь айынан тартып интернет аркылуу баңгизат сатып, таратып келишкен. Учурда алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, тергөө амалдары улантылууда.

Последние новости