www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун, Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында жер тилкелерине байланышкан коррупциялык схема аныкталып, мамкызматкерлер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кармалды.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Байтик айылынын тургундары айыл өкмөттүн кызматкерлерине чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, 2019–2024-жылдар аралыгында 25 жаранга кезексиз жана мыйзамсыз түрдө 2 гектардан ашык жер тилкеси берилген.
Бул факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелерин аффилирленген адамдарга каттап, андан соң сатып, пайда табуу максатында уюштурулган коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды.
Бул кылмыш ишинин алкагында, Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1975-жылы туулган А.А. жана айыл өкмөтүнүн учурдагы жер адиси, 1992-жылы туулган С.Б. кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын да бул схемага катыштыгы аныкталып, төмөнкү жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:
Ч.Ж. – 1992-жылы туулган
А.М. – 1987-жылы туулган
Э.Ю. – 1991-жылы туулган
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо багытында тергөө иштери уланууда.