www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-июнунда Чүй районунун Бишкек–Торугарт айланма автожолунда автоунаалардын катышуусунда кубалашуу жана ок атышуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт Чүй РИИБинде катталып, териштирүү иштери башталган.

Алдын ала маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Ивановка айылында жаштардын ортосундагы кыз талашуудан улам жаңжал чыгып, эки топтун ортосунда уруш болгон. Андан соң бир тарап автоунаа менен кетип бара жатканда, экинчи тарап үч унаа менен кууп жетип, Бишкек–Торугарт автожолундагы унаа токтотуучу жайда таш ыргытуу менен автоунааларды талкалап, терезелерин сындырышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Тергөө маалында эки тараптан жалпы 11 жаран шектүү катары кармалып, Чүй РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Калган катышуучуларга карата материалдар сотко жөнөтүлдү.

Ошондой эле бир нече автоунаа айып короого киргизилип, мыйзам бузуулар боюнча административдик протоколдор түзүлгөн. Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости