www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-февралда Жайыл районунун ИИБине 1958-жылы туулган, Федоровка айылынын тургуну Б.В. арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 21-февралынан 22-февралына караган түнү белгисиз адамдар анын жашаган жериндеги сарайга жашыруун кирип, байланган, бир айлык, боз түстөгү музоосун уурдап кетишкендиги көрсөтүлгөн. Келтирилген материалдык чыгым 25 000 сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-1-беренесинде (Мал уурдоо) каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

 Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 2002-жылы туулган Г.А. аттуу жаран шектүү катары аныкталган. Анын үйүнүн короосун кароо учурунда уурдалган музоо табылып, алынган.

 Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 Учурда кармалган жарандын район аймагында жасалган башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылууда.

 

Последние новости