www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Шабдан айылында таза суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору ишке ашырылып жатат.
Долбоор жергиликтүү тургундарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздап, аймактагы социалдык жана санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга багытталган.
Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин алкагында траншеяларда 30 миң куб метр жер казылып, бул пландын 50 пайызын түздү.
Ошондой эле диаметри 250 мм болгон магистралдык суу түтүгү 1,63 чакырымга толугу менен тартылып бүттү.
Мындан сырткары, бөлүштүрүүчү тармактарды кеңейтүү иштери уланууда.
Тактап айтканда, 110 мм диаметрдеги түтүк 3,1 чакырымга (25%), 160 мм диаметрдеги түтүк 2 чакырымга (25%), ал эми 200 мм диаметрдеги түтүк 1,2 чакырымга (90%) төшөлдү.
Долбоордун алкагында жыйналма темир-бетондон жасалган тегерек кудуктарды орнотуу иштери да жүрүп, бүгүнкү күнгө карата 10,18 куб метр көлөмүндө аткарылды.
Бул жалпы пландын 50 пайызына барабар.
Долбоор аяктагандан кийин Шабдан айылынын тургундары сапаттуу жана үзгүлтүксүз таза ичүүчү суу менен камсыз болот.